Келемишка чыккан жерине кирип кетти

Мезгил

Эл арасында бир келемишка жүрөт. Эки тишин арсайтып, алына ченебей алынып, анча-мынча адамдарга тап берип коёт. Ийнинен сыртка чыкканда жаткан жатагына, жашаган жерине, жеген тамагына түкүрүп, келемиштик жашоосуна даттанып алмай адаты бар. Жайында Соң-Көлгө жайлоолоп кетет, бизнес кылып. Кышында Бишкектеги коңулуна кайра келет. Эл жыйылган жерлерде эбиреп-жебиреп, элдин башын тумандатуу боюнча чебер. Бул катардагы жөнөкөй келмишкалардан эмес, көкүрөгүндө эн белгиси бар эл өкүлү болгон келемишка. Анын келемиштик жашоосуна кол кабышын аябай, жардам берип, уурдаган арам тамагынан бөлүшүп турган бир арс чычкан менен жылаң аяк катышкан, жылуулашкан жакындык жайы бар эле.

Ал арс чычкан да жөнөкөй арс чычкан эмес, убагында 6 жыл эл башкарган, айланасындагы башка чычкандар эл казынасын четинен кемириип, кытыратып, оозуна батканын жесе, бул албарс тишин аябай салып, ажыдаардай эле жутуп турду. Ал 386 миллион доллардык Бишкектин отканасын оту менен кошо жутуп, Орустар берген 200 миллион дооллардык сырды жалгыз өзү сугунуп, жолду, жерди сугунуп… сугунуп эле келди. Ага тең келем деген жаш келемиштердин биринин кекиртегине арпанын кылканы тыгылып, дагы бири кытай тамагына ууланып, бири сугалактанам деп ашкере көп сугунуп алып, курсагы жарылып калды. Алар азыр келемиштерди кармоочу убактылуу тордо эс алып жатышат.

Ушул чоң арс чычкан бир кара келемишти тордон чыгарып, ит базарда келемиш сатуучуларга сатып, ортомчулук кыла коём деп көзгө илинген. Анын айынан мыйзам башчысы мышык байкеге сурак бериш керек болуп калды. Арс чычкан айбатымдан жанбаймын, суракка 3 жолу чакырса да барбаймын, керек болсо автоматым бар, келгенин атып жайлаймын деп, мышык байкенин жиберген куралсыз мыйларын чайнап коём деп, кандуу арс чычканга айланып кетти. Бул жоругу токойду бийлеген арстан, аюу, илбирс байкелерге жетип, токой башчыларынын каары кайнады. Кандуу арс чычканды кишен салбай кармап келгиле, сазайынын түрмөдө бергиле деген буйрук чыкты. Түтөткүгө ууланган арс чычкан айласы кеткенде бункеринен чыгып, торго түшүп берди.

Бул окуя токойго заматта тарады. Арс чычкандын кешигин кетип жеп көнүп калган сары келемишкага эле оор болду. Кирерге тешик таппай кыйпылчыктап, жашынарга жай издеп, акыры чыккан жерине, ийнине кирип баратканда кармашты. Суракка барасың сен да дешип, тор капас жакка айдашты.

Арс чычкандын айланасында жүргөн жойпу түлкү да токойго жашырынды. Кешигине ортоктош болгон чөө арс чычкандын иши боюнча камакка алына турган болду. Арс чычканды тегеректеп жүргөн кара чаар жылан ийин издеди. Түктүү кирпи да алапайын таппай калды.

Жаңы кыргыз жомогундагы бул каармандар кимдер эле?…

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *