Кенжебек Бокоевди өкмөт мүчөлөрү алдап кетишти

   Мезгил

Күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча өткөн жыйын учурунда маалымат берген биринчи вице-премьер баш болуп, ошол жердеги энергетика тармагынын жетекчилери парламентти алдап кетишти деген пикирин эл өкүлү Кенжебек Бокоев ЖМКга билдирген.

«Алар анда: «Бардыгы жакшы, кышка толук даярбыз» деп туруп, бир апта өтпөй, кыш келе электе эле лимиттерди коюп, бардыгын көзөмөлдөгөн тапшырмаларды берип чыгышты. Алар парламентке келишкенде эле, ошол жерден «Эртеңден баштап чектөөлөргө барабыз, кышында маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу мүмкүн» деп ачык айтышы керек болчу. Ал жерден аман-эсен чыгып алып, «эң мыкты» докладды берип коюп, баарыбызды алдап кетишти», – деген Кенжебек Бокоев.

Кызык, Боронов баш болгон ошол өкмөт мүчөлөрү депутаттарды Алдар көсөнүн сыйкыр таягы менен баштарын тегеретип жаткан учурда Бокоев ал сыйкырга арбалып, мемиреп уктап кетти бекен? Эми ак карга болуп, алдап кетишти дегени жаш баланын жоругу эмеспи, ыя?!

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *