Кереметтүү Көл-Төр көлүнө саякат

Мезгил

Тоо койнунда орун алган Көл-Төр көлү деңиз деңгээлинен 2725 метр бийикте турган Бишкек шаарынан  эки сааттык алыстыкта жайгашкан. 

Аталган көлдүн “Сахарная голова” аталышындагы ажайып кооз мөңгүсү бар. Бул чокунун бийиктиги 4253метрди түзөт.

Көл дээрлик жыл бою тоңуп, жайында гана ээрип жылыйт. Бирок суунун температурасы 5 градустан өйдө көтөрүлбөгөндүктөн туристтерге көлгө түшүү сунушталбайт.

Көл-Төр өзүнүн өзгөчө көгүлтүр өңү жана ажайып кооздугу менен адамдарды кызыктырат. Мындай кооздукту өзгөчө жай мезгилинде көрүүгө болот.

Ал эми көлдү көздөй жөө баса турган жолдун узактыгы сегиз чакырымды түзүп, 3-4 сатта жетсе болот. Жолдор ар кандай жайгашкандыктан, билбеген киши адашып кетиши ыктымал.

Көл-Төр көлүндө жана капчыгайында бир күндүк саякат үчүн абдан ыңгайлуу жер.

Көлгө бара жаткандагы жол биринчи токойлордун этегин аралап, андан кийин кыймылсыз бийик тоолуу шалбаалар, тоголок жана жапыс аянты менен башталат.

Көл-Төр көлүнүн жээгинде  ар кандай дары чөптөр  өсөт. Ал эми тоолорунда жана бадалдардын  арасында жапайы түрдүү жер-жемиштерди кездештирүүгө болот.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *