Кереметтүү Тулпар-Көлүнө саякат

Мезгил

Кыргызстан кереметтүү көлдөрү, бийик аска-зоолуу  тоолоруу менен  өзүнө тартып турат эмеспи. Ошондой кооз көлдөрүнүн бири Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына караштуу Тулпар-Көл көлү. Ал  айылдан 20 чакырым күн чыгыш тарапта жайгашкан. Түндүк тарабында майда тоолор, башка бир тарабында чоң зоо бар. Аталган көлдү ыйык көл деп коюшат жана бул жерге эл зыяратка жаз, жай, күз айларында келип турушат. Тулпар-Көлүн көрүү үчүн жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн туристтик көп келет.

Тулпар-Көлүнө келген элдер жүздөрүн  жана колдорун жууп, куран окуп бата кылышат.  Ал эми атайын көлгө  түшүшпөйт.  Бул көлдүн да өзунчө бир уламышы бар. Уламыштарга караганда  бул жерге келген адамдардын көзүнө тулпар көрүнүп, ал кишенейт экен.

 

Туздуу көл болгондуктан, жээгиндеги таштардын баары дээрлик тешик таштар. Бул көлгө чектеш жерде белгилүү Ленин чокусу орун алган. Жайында ал жакка альпинисттер, туристтер көп келишет жана жергиликтүү тургундар алар үчун шарттарды тузуп коюшкан. Жыл сайын сезондо элдер күнүмдүк тамак-ашына каражатты ушинтип табышат.

Тулпар-көлүндөгү  эдельвейс гүлү.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *