Ысык-Көлгө алты айда 40миңден ашык турист келди

 Мезгил

Быйылкы жылдын алты ай ичинде Ысык-Көлгө 43 614 турист келген.

Анын ичинен 37 185и Кыыргызстандыктар болсо, 6 429у чет элдик жарандар.

Ысык-Көлгө келгендердин 5 052си КМШ өлкөлөрүнөн ал эми 377си башка мамлекеттерден келишкендер.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын январь-июнь айларында туризм тармагында кызмат көрсөткөн обьектилерден 79 581,6 миң сом салык түшкөн.

Быйылкы туристтик сезондо коомдук жана жол коопсуздугун сактоо боюнча жалпы 924 кызматкер иш алып барышууда жана эс алуучулар кѳп баруучу алыскы Көк-Жайык, Барскоон, Туз-Көл, Кырчын жана Каркыра аймактарында кошумча убактылуу милиция пункттары ачылган.

Учурда Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоочу жана эс алуучу жалпы 197 мекеме иштеп жатат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *