Керимбеков: Текебаев, Бакыт менин бир гана хоббим бар – мен интриганмын – деди

Мезгил

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаедин хоббиси аныкка чыкты. Бул тууралуу КРнын пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков ал басылмалардын бирине маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, “Мен интриганмын” деп Текебаев ага өзү айткан.  

Текебаев экөөбүз тең ал маалда депутат болчубуз, спортсмен катары мен эл шайлаган адамдарга шахмат, бильярд жана башкалар боюнча түрдүү турнирлерди  уюштургам. Ушул шартта мен Өмүрбек Текебаевге келип, түз эле суроо узаттым: “Сиздин кандай хоббиңиз бар, мисалы, балык улоо, мергенчилик жана башка?”

Ал мага “Менин эч кандай хоббим жок, менин бир гана хоббим бар Бакыт – мен интриганмын” деп жооп берди. Ал чындап эле мага ушинтип жооп берди. Мен анда бул сөздөргө маани деле бербептирмин, эгерде ал бул ойду четке какса, мен анын көзүнө карап тактап бергенге даярмын” -дейт Керимбеков.

 

Ошол эле учурда экс-депутат азыр да Текебаевди “интриган” деп эсептерин, айтып  Конституция менен болгон жагдайды мисал келтирет.

– Текебаев өз Конституциясын алдыга чыгарганда, ал өзү, белгилүү болгондой, көп нерселерди аягына чейин иштеп чыккан эмес –дейт.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *