Кезектеги тендер чыры

   Мезгил

Мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматына караганда автомашиналарга мамлекеттик номерди чыгаруу боюнча материалдарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерди Конкурстук комиссия жараксыз деп тапты. Эсиңиздерде болсо ушул жылдын май айында “Инфоком” мамишканасы тендер жарыялаган болчу. Анда 400 пластина жана ысык чаптыруу үчүн 400 термотрансфердик пленкаларды 64 миллион 424,8 миң сомго сатып алуу жагы айтылган.

Тендерге «Пресс-Т» ОООсу (ЖЧК дегендин Россиядагы кыскартылып жазылышы), «Типография № 2» ОООсу жана «Бластер плюс» ОООсу катышууга арыз берген. Биринчи аты аталган фирма биринчи лот боюнча – 44 миллион сомго, экинчиси – 52 миллион сомго, үчүнчүсү – 52,4 миллион сомго жеткирип берери тууралуу билдиришкен. Ал эми пленка боюнча «Типография № 2» ОООсу – 2,6 миллион сомго, «Бластер Плюс» ОООсу – 2,5 миллион сомго жеткирерин билдирген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында «Пресс-Т» ОООсунун негиздөөчүлөрүнүн бири Алексей Швечихин «Типография № 2» ОООсунун негиздөөчүсү болуп саналары белгилүү болду. Бул жерде аффилирленгендик «Бластер Плюс» ОООсу жана «Типография № 2» ОООсу тарабынан байкалган. «Бластер плюстун» 49 % ээси болуп «Уч Бетайлигунгс гезелльштафт МБХ» немец компаниясы саналат. Бул компания өз кезегинде «Эрих Уч» немец АКсынын дочердик ишканасы болуп саналат. «Эрих Уч» АКсы «Типография № 2» ОООсунун негиздөөчү болгон «Уталдын» ОООсунун 49 %ына ээлик кылат.

Иши кылса ичи ичинде, ичегиси сыртында деген кыргыз табышмагында айтылгандай, тендерге катышкан бул ишканалардын киндиги туташ болуп чыкты. Натыйжада кыргыз автомобилдерин мамлекеттик номер менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганы калды окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *