Мезгил
2020-жыл Кыргызстанда Орусия менен кызматташуу жылы деп жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары менен келгенде билдирди.
Маалымдалгандай, кийинки жылы эки өлкөдө мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн баардык багыттарына арналган бир катар иш-чаралар өтөт.
Эске салсак, бүгүн Владимир Путин Кыргызстанга таңга жуук учуп келди. Аны президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.