Кийинки жумада 38 градуска чейин күн ысыйт

Мезгил

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, Бишкекте кургак жана ысык аба-ырайы сакталат.

Маалымдалгандай, күндүз термометр мамычасынын көрсөткүчү 32-36 градус айланасында кармалса, түнкүсүн 18 градус жылуу болот. Эмки жуманын соңку күндөрү эң эле ысык болуп, күн дээрлик 38 градуска дейре ысыйт.

Жайдын акыркы айынын жарымынан кийин ысык бир аз кайтып, күздүн алгачкы илеби сезиле баштайт. Ал эми ага чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *