Ким күнөөлүү: Борбор Азияда жалгыз “Эйр Кыргызстан” банкрот болду

Мезгил

Жолдош Бектурганов «Эйр Кыргызстан» мамлекеттик авиакомпаниясына жетекчи болуп келгенде компаниянын 5-6 учагы болгон. Бүгүн «Эйр Кыргызстанда» бир дагы учак калбай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Зиядин Жамалдинов айтып чыкты.

Эл өкүлү “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы карызга батып, бир топ кызматкер жумуштан бошотулганын айтып, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, бул маселеге чара көрүүнү суранды.

Азыркы тапта “Эйр Кыргызстанда” бир гана учак бар. Анын да кыймылдаткычы оңдолуп жатканына байланыштуу каттамдар белгисиз мөөнөткө токтотулганы кабарланган. Каржылык оор абалдан улам компания кызматкерлерине айлык бере албай, бир тобун кыскарткан.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду, көз карандысыз баалоо компаниясы “Эйр Кыргызстандын” сатыкка коюлган 49 пайыз акциясын 188,8 миллион сом деп баалаганын билдирген. 2016-жылдын 6-сентябрында арыз түшпөгөндөн улам инвестициялык сынак өтпөдү деп табылган.

Учурда авиакомпаниянын акцияларын 2018-2020-жылдарда менчиктештириле турган мүлктөрдүн программасына киргизүү иштери жүрүүдө. Ушу тушта акцияларды сатып алуу боюнча потенциалдуу инвесторлордон расмий арыз түшкөн эмес.

Ал эми “Эйр Кыргызстан” компаниясынын директору Жолдошбек Бектургановдун айтымында, мамлекеттик жалгыз авиакомпанияны сатып алууга германиялык, индиялык жана болгариялык инвесторлор кызыкдар. Компаниянын 49 пайыз акциясын сатуу аракети жети жыл мурда башталганы менен ушу кезге чейин натыйжа чыга элек. Эл аралык ишкерлер авикомпаниянын акцияларынын кеминде 51 пайызын алууну сунуштаган.

Ал эми “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу маселени чечүү үчүн “Эйр Кыргызстанды” Кытайга берүү сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында көтөруп чыккан.

– “Эйр Кыргызстандын” коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар экен. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби? –деген эл өкүлү.

Ал эми авиация тармагы боюнча айрым серепчилер мамлекеттик авиакомпаниянын бул абалга кабылышын башкаруудагы мүчүлүштүктөр жана коррупция менен байланыштырышат.  Бир кезде авиакомпания бир аз ирдене баштаган. Банктан кредит алып, учак сатып алышып, анан экинчисин алып иштей баштаганда жетекчиликти алмаштырып салышты. Өз кишилерин коюшту. Ошентип телчигип келе жаткан компанияны талкалашты-деген эксперттер да жок эмес.

Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты Бегалы Наргозуев  жетекчилик туура тандалганда компания бул абалга кабылмак эмес деген пикирде.

– Себеби, коңшу мамлекеттеги “Эйр Астана”, бизден артта калган Тажикстандын компаниясы өнүгүүгө жетишти. Өзбекстан менен Казакстан, Тажикстан дүйнөнүн бир канча өлкөсүнө учуп жатат. Борбор Азияда жалгыз “Эйр Кыргызстан” банкрот болду. Жети жылдан бери авиакомпания эки ача сөз айтып келди. Бирде киреше менен чыктык десе, бирде банкрот болдук дейт. Ар түрдүү маалыматтарды өздөрү таратып, компаниянын кунарын качырышты.

 

Же учагы жок, же кирешелүү багыты жок. Авиацияда жүргүнчү ташуу рыногунда Бишкек-Москва, Бишкек-Үрүмчү, Бишкек-Дубай деген сыяктуу кирешелүү багыттар болот. Ошолордун баарын жеке менчик авиакомпанияларга алдырып коюшкан. Менчик компаниялардын артында ушул эле авиация тармагынын жетекчилери турат. Бул өтө чиеленишкен маселе. Авиакомпанияны сатып алгандар анын атын гана сатып алат, кайсы бир багыттарды кошо алышы мүмкүн. Андыктан чет элдиктер ага кызыкпайт. Алса бирөө сатып алгандай көрүнүп, жергиликтүү чиновниктердин бири эле алышы ыктымал-деди ал.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *