Кирпик өстүрүүнүн оң жана терс жактары

Мезгил

Азыркы заманда жасалма кирпик жасату мода болуп калды. Ар бир бешинчи кыз кирпик койдурганын көрүүгө болот. Албетте, узун кирпиктер көзгө өзгөчө көрк берип, айымдардын жүзүн заматта өзгөртөт. Бирок андай болгону менен анын зыяны абдан көп.

Жасалма кирпиктин жакшы жактары

Кирпик койдурганда көздөрүңүз чырайлуу кооз көрүнүп калат. Ашыкча тушь менен боёп убара болбойсуз. Кайсы убакта болбосун идеалдуу көрүнүп турасыз. Эгерде жакшы сапаттуу жасалган болсо, бир айдан ашык түшпөй жүрө берет.

Бырыштын эрте пайда болуусуна себеп болот

Кирпик тактыруу үчүн жылына бир эки жолу мастерге баруу жетиштүү. Эгерде бат-баттан кирпик коштуру жүзүңүзгө көзүңүздүн айланасына бырыштар эрте пайда болуусуна алып келет. Ошондой эле, көзүңүздүн көрүсүн начарлатышы ыктымал. Адистер өзүнүн кирпиктери жаратылыштан алсыз болгон адамдарга жасалма кирпик коштурууну сунушташпайт. 

Жасалма кирпиктин терс жактары

Кирпик койдургандан кийин жаздыкка беттиңизди коюп уктоого, көздү сүртүүгө болбойт. Себеби, жасалма кирпик клейинен ажырап түшүп калуусу ыктымал. Дагы бир терс жагы кирпик  үчүн колдонулган клейдин курамындагы чайыр көзүңүздү аллергия кылып шишиктерди пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан тажрыйбалуу мастерлерге жасатыңыз. Бирок организмдин клейге болгон реакциясы жаман эмес экенине ишенүү үчүн аны алдын ала тестирлөөдөн өткөрүү керек.

Линза

Заманбап байланыш линзаларын колдонгон адамдарга башкаларга салыштырмалуу аз убакыт кирпик өстүрүп жүрүү сунушталат. Себеби дайыма линза тагынып жүргөн адамдар көзүнө бат баттан тийгенде жасалма кирпиктер жабыркайт. Андан тышкары көзү бат кызарып кеткен же көзгө байланыштуу башка көйгөйлөрү бар кыздар жасалма кирпик өстүрбөй эле койгону оң. Себеби мындай учурда кирпик өстүрүү конъюнктивиттин кайталанышына алып келет.

Эсиңизде болсун. Жасалма кирпикти өз алдынча алууга болбойт. Себеби өзүңүздүн кирпиктериңизди кошо жуулуп алууңуз мүмкүн.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *