Китептердеги каталар жоюлбаса Билим берүү академиясы жоюлуп, Билим берүү министри кызматтан кетеби?

Мезгил

Мектеп окуучуларынын китептери сапатсыз сыр боёктор менен боёлгонун жана грамматикалык каталардын көптүгүн бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сындады.

Мындан сырткары китептер менен бирге эле күбөлүктөгү каталар туурасында кескин сындап, бул тууралуу көйгөйлөр чечилбесе Билим берүү академиясын жоюу керектигин жана Билим берүү министрлиги жана министрдин ишмердиги боюнча маселе караларын белгиледи.

Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, окуу китептерде кетирилген каталар үчүн Академиянын жана министрликтин кызматкерлери жоопко тартылган. Ошондой эле министр, окуучулардын ата-энелери айрым учурда көчүрүлмө китеп сатып алып жатканын айтып, дале болсо суудан кургак чыга келди.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *