Клара Алибекова: Ал күндөрүмдү эстейм, сагынам

    Мезгил

Кезинде “Кыргызымдын жигиттери” деген ыры менен кыргыз сахнасын дүңгүрөткөн ырчы Клара Алибекованы кимдер гана тааныбайт. Анын көптөн бери сахнадан чыкпай калышына тынсызданган күйөрмандардын саны арбын экендиги талашсыз. Бүгүн биз дал ушул ырчы  менен маек кылып эмне менен алек болуп жүргөнүн, кайрадан  сахнага кайтып келеби? Ушул суроолордун жообун алдык.

Саламатсызбы Клара эже дайыныңыз чыкпай эмне менен алек болуп жүрөсүз?

–Саламатчылык. Эл катары эле күнүмдүк жашоо тиричилик менен эле алек болуп жүрөбүз. Билинбей эле убакыттар өтүп жатат. Көбүнчө убактымды балама жумшап жатам десем болот. Ал учурда чоңойуп 9-класс болуп калды. Андыктан энелек жоопкерчилик дагы улам жогорулайт экен дегендей.    

Эмнегедир чыгармачылыгыңызда пауза болуп жаткандай

–Ооба туура айтасыз ал нерсени мойнума алам. Чынында эле чыгармачылыгымда пауза болуп жатат.  Анткен менен негизинен  чыгармачылыктан кетпей эле жүрөм. Учурда дагы чыгармачылыктын үстүндө эле иштеп жатам.  Болгону ар кандай шартка байланыштуу бир азга тыныгуулар болуп жатат. Радио телелерден көптөн бери көрүнбөй калгандыктан көбү эле ушул суроону бере беришет. Буюрса билек түрө киришип чыгармачылыгымды улантам деген ойдомун.

 –Клара эже  устатыңыз  Айчүрөк эже сиздин чыгармачылыгыңызга колдоо көрсөтөөрүн,  сахнага кайтып келишиңизге жардам берээрин айтты эле  

–Айчүрөк эже менен мамилебиз жакшы эле. Албетте ал эжекебиз мага болгон жардамын аябайт. Бирок азыркы учурда  Айчүрөк  эженин да  өзүнүн жашоосу, тиричилиги бар дегендей. Бирок мамилебиз жакшы сүйлөшүп турабыз. Чыгармачылык жактан дайыма  жардам көрсөтүп турат.

–Сахнага кайтып келсеңиз сизди элдер колдоору талашсыз. Башкача образ, жаңы чыгармалар менен “жарк” этип  чыгуу оюңузда жокпу?

–Албетте мен сахнадан алыстагым келбейт. Буюрса сиздер айткандай мени күткөн күйөрмандарым үчүн алдыда  жаңы ырлар менен чыгайын деп азыр ошонун үстүндө иштеп жатам. Акырындык менен жаңы образ  жаңы ырлар менен чыкканга аракет жасап жатам. Мени колдоп күткөн күйөрмандарым бар экенин билем. Кээде алар менен жолугуп калганда “Сахнага качан кайтып келесиз” деп сурап калышат. Сахнага эмне экенин билип калган адамга андан алыстап кетиш оңойго турбайт. Буюрса күйөрмандарымдын алдына чыга турган күн да алыс эмес деп ойлойм.  

–Кезинде  атагыңыз таш жарып турган мезгил болбоду ал кезде атактуулукту кантип көтөрдүңүз?

 –Мен ал кезде  секелек жаш мектепте окуган кыз болчумун. Чынын айтсам, ал убакта атактуулук эмне экенин деле түшүнүгүм жок экен. Бирок атактуулукту кандай көтөрө алдым билбейм. Балким балалык сезим менен  болуп эле  сахнага чыгып ырдасам, ошого сыймыктанып эле жүрсөм керек. Бир жагынан эмнеге эрте сахнага чыгып алдым экен деп ойлонуп кетем. Албетте атактуулукту да көтөрүш жеңил эмес деп ойлойм. Бирок ал убак менен азыркы мезгилдин айырмасы чоң.

 –Ошол кезиңизди эстеп сагынасызбы? Айрымдары чыгармачылыктан алыстаган кезде депрессияга чейин түшкөндөрүн да айтышат   

–Албетте ал күндөрүмдү эстейм, сагынам. Башында айтып кеткендей сахнада жүргөн адам андан ылыстаган кезде бир топ эле оор болот.  Мага дагы үйдө ырдабай отуруп калуу бир топ эле оор болду. Сиз айткандай депрессияга кабылган учурларым да көп болду. Жаш болсом да башыман өйдө төмөн  нерселер көп өттү десем болот. Бирок кудайга шүгүр, азыркыга чейин мени унутпаган күйөрмандарым бар.

 –Жалгыздык жаратканга гана жарашат деген сөз бар эмеспи. Уулуңуз эс тартып, сизди кызганса керек. Антсе да турмушка чыгуу оюңузда барбы?

–Азыркы учурда мен жалгыз эмесмин. Кудайга шүгүр балам бар. Ар бир ата-эне бала үчүн жашайт экен.  Мен дагы балам үчүн ушул убакка чейин бүт күчүмдү жумшап келем. Азыркы учурда балам 9-класста окуп жатат. Эркек бала болгон соң  мени кызганган учурлары болуп калат. Чоңойгон сайын кээде мени башкарып да калат. “Кыздын бараар жери күйө” дейт. Ар бир эле аял заты бактылуу болууну тилесе керек деп ойлойм.  Албетте өзүмдү бактысызмын деп эсептебейм. Кудайга шүгүр “эне” деген статусум бар, бактылуумун. Кээде турмушка чыгайын деген  ойлор болбой койбойт. Бирок, ал нерсенин убакыт саат көрсөтөт деп ойлойм. Баардык нерсе буйруктан деп коет эмеспи.

 –Тагдыр бирде каарын салса, бирде жылмайтат эмеспи. Турмуш сизди өзгөрттүбү?

–Албетте турмуш мени өзгөрттү десем болот. Мындан бир канча жыл мурун мен кичинекей жаш секелек кыз болсом, азыр энемин. Турмуш  адамды ар тараптан сынайт экен.   Бирок адам баласы болуп жаралган соң ысык суугуна, баарына чыдайт экенсиң. Тагдыр сага кандай сыноолорду жиберсе да биз ошондон татыктуу өтүшүбүз керек деп ойлойм. Кыйынчылык менен кез келгенден коркпош керек. Анткени ошол күндөр сени кагылтып, согултуп сени турмуштун бороон чапкындарына бышырып коет экен. Ооба, мени  да  турмуш бирде  бүк түшүрүп ыйлатса, бирде жүзүмдү жылмайтты.  Андыктан чыдамкайлуулук, сабырдуулук менен баарын жеңсе болот деп ойлойм.

 –Азыр деле сизди көчөдөн көрүп таанышып Клара Алибекова деп кайрылышкандар болсо керек?

 –Ооба, кайда жүрбөйүн таанышат. Кээде таанып калгандар “сенсиңби”  деп ачык эле айтышат. Көпчүлүк жерлерден мени менен сүрөткө түшүүнү суранып калышат. Мени кубантканы күйөрмандарым жакшы жылуу сөздөрүн айтышып  “биз сени күтөбүз сахнадан карадан чык” дешет. Ар бир эле ырчынын өз күйөрмандары болот эмеспи. Ушул убакка чейин менин чыгармачылыгымды колдоп, сахнадан күткөн күйөрмандарыма ыраазымын.   

Азыркы чыгып жаткан жаш ырчыларды көрүп эмнесине сүйүнөсүз  жана эмнеге өкүнөсүз?

–Азыркы учурда бизде жаш таланттуу ырчылар аябай көп. Бири-биринен калышпай иштеп жатышат десем болот.  Мурунку учур менен азыркы учурду салыштырсаң ат менен төөдөй. Азыр бизде ыр жаздырып, клип тарттыруу жактан техникалар өнүктү десем жаңылышпайм. Мурунку муундагы ырчыларды салыштырып карасак, азыркы жаштар үчүн чыгармачылык  менен иштеш өтө жеңил болуп калды. Бир жагынан көп мүмкүнчүлүтөр болуп жатат.Кээде туруп  мен дагы эрте шашылып чыкпай эле балким эми деле ырдап чыгып жетишмек экенмин деп ойлоп калам. Мен сахнага аябай эле эрте чыгып алган экемин. Азыркы ырчылар менен салыштырсам, ал убакта өтө оор нерселер өтөн экен дейм. Азыркы жаштар андай системага көнө алышпайт болуш керек деп ойлойм. Биз көргөн кыйынчылыктарды азыркылар көрө элек.     

Маегиңизге рахмат!

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *