ӨКМ кызматкерлерине жаңы батирлер тапшырылды

Мезгил

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үйлүү болушту. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн 24 батирлүү үй курулуп берилди. Батирлерди министр Нурболот Мирзахмедов салтанаттуу түрдө тапшырды.

Белгилей кетсек, кызматкерлерге тапшырылган турак жайдын аянты 0,6га, ал эми үйдүн жалпы аянты – 2162,24 м2.

Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталып, азыркы учурда турак үйдүн долбоордо көрсөтүлгөн курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлгөн.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *