Өкмөт аке айткандай болот. Жаңы төрага жергиликтүү эл каршы болсо-болбосо да, алтын компаниялар иштей берээрин айтты

Мезгил. 

Ала-Бука районунда алтын кенин кайрадан иштетүүгө аракет жасалса, жергиликтүү тургундар каршы чыгып жатат. Ал эми Тогуз-Тородо алтын кенинин айынан жолдордун тамтыгы чыгып, элдин нааразылыгын жаратууда.

Бул тууралуу маалымдаган депутат Ирина Карамушкина  Жогорку Кеӊеште өкмөт мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер талкууланып жатканда,  өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин тѳрагасы кызмат орунуна талапкер Эмил Осмомбетовго: “Учурда буларга карата кандай чара көрүлүүдө?” – деген суроо узатты.

Эмил Осмомбетов “Макмал” кени 30 жыл иштегенден кийин алтын запасы түгөнгөнүн билдирди.

 «Учурда  «Кыргызалтын» ишканасы тарабынан атайын чаралар иштелип чыкты. Азыр аны инвесторго берүү чечимине келдик. Жакында комиссия түзүлүп, ага сынак жүргүзүлөт. Андан тышкары, курамы 30 адамдан турган демилгечи топ жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», – деди талапкер.

Дагы бир эл өкүлү талапкерден: “Эл каршы чыгып жатат, компаниялардын тагдыры кандай болот?” – деп сурады. Осмомбетов камырабай гана: “Компаниялар иштейт, биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”, – деп койду.

Бул төрагалык кызматын баштай эле болочок жетекчинин элдин каалоосу эмес, “өкмөт акенин” айтканындай болот деген кыйытмасы болду.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *