Өкмөт башчы эмне дейт: Кафе-ресторандарды салык төлөөгө үйрөтүү менен фискалдык саясатты өзгөртөбүз

Мезгил

Кафе-ресторандарды салык төлөөгө үйрөтүү менен фискалдык саясатты өзгөртөбүз. Мындай пикирин КР Мамлекеттик салык кызматынын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчет угулуп жаткан коллегияда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында кирешеси чоң кафе жана ресторандар аз өлчөмдө патент төлөшөт. Ошондуктан өкмөт башчы кафе-ресторандарга карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылды.

-Патенттен башка нерсеге өтүш керек. Бул боюнча канча убакыттан бери айтып келебиз. Анткени, Бишкектеги кафе жана ресторандар анча көп эмес патент төлөшөт, бирок алардын кирешеси чоң. Аларды салык төлөөгө үйрөтүү менен фискалдык саясатты өзгөртөбүз,-деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы Ысык-Көлдөгү күнүнө ири киреше таап, мамлекетке аз өлчөмдөгү салык төлөп жаткан жарандарды да сынга алды.

– Ысык-Көлдөгү ар бир үй күнүнө 60 миң сомдон киреше тапкан пансионат. Ал эми айына болсо патентке 600 сом төлөшөт,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев

Өкмөт башчы жылына миң тонна күйүүчү май бензанол катары Кыргызстандын чек арасынан ташылып өтүп жатканын айтып буга салыкчылар менен Финансы полициясынын күнөөлөдү.

-Силер күйүүчү май аткезчилигинин артында ким турганын эң жакшы билесиңер. Мына жылына миң тонна күйүүчү май бензанол катары Кыргызстандын чек арасынан ташылып өтүп жатат. Эгерде силер,салыкчылар менен Финансы полициясы бул боюнча маалымдар болбогонуңарда, анда мындай көрүнүш болмок эмес, —-деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *