Өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев ордо калаа башчылыгына талапкер сунуштабайт

Мезгил

Өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев ордо калаанын башчылыгына талапкер сунуштабайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

26-июлда Азиз Суракматовдун талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. 

Азиз Суракматов бүгүн мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырды. Сынак тапшыруу учурунда Суракматов өзүнүн программасы тууралуу учкай айтып, коррупцияга каршы күрөшүү мэриянын негизги иштеринен болорун белгиледи.

Ал жол салуу, шаарга жаңы автобустарды алып келүү, шаардын айланасындагы жаңы конуштарды жарык менен камсыз кылуу, экологияны коргоо, шаарды жашылдандыруу, таштандыдан арылтуу маселелерине көңүл буруларын айтты. Мындан сырткары баш калаанын бюджетин көбөйтүү, бири-бирин кайталаган кызматтарды азайтуу, коррупцияга каршы күрөшүү багытында иш жүргүзүүгө да убада берди.

Андан сырткары бир чыгарманын үзүндүсүн көркөм окуп, түшүнүгүн айтып берди. Анын жыйынтыгы менен сынакты өткөрүү боюнча атайын комиссия талапкер мамлекеттик тилди “билет” деген чечим чыгарды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *