Өкмөт башчы салыктан баш тартып, товарларды мыйзамсыз ташыгандарга катуу чара көрүүнү тапшырды

Мезгил

Өлкөгө мыйзамсыз алып келинген товарлар, анын ичинен күйүүчү май өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды.

– Салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн азаюусу – бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы, тиешелүү бөлүмдөр мыйзамдарды жакшыртуусу зарыл. Активдүү иштерди жүргүзүп, салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын күчөтүүгө тийиш. Бардык тартылган мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана зор көңүл бурууну талап кылат  – деди Абылгазиев.

Премьер-министр бул жааттагы иштерди бардык тескөөчү жетекчилерге катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *