Мезгил
Өкмөт дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга 6 айга чейин убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы фармацевтикалык компанияларга, дарыканаларга бет капты сатууда чектөө киргизген. Дарыканалар бир адамга 20дан ашык бет кап сата албайт.
Андан тышкары, коргонуу каражаттарынын баасын кымбаттатууга дагы тыюу салынган.
Мезгил ньюс