Өкмөт драма театрын оңдоого 198 миллион сом бөлдү

  Мезгил

Өкмөт драма театрын оңдоого 198 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу өкмөттун маалымат кызматы билдирди.

 Маалым болгондой, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул каражатка Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры кабылына келтирилет.

Токтоболот Абдымомунов атындагы  Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имараты 1970-жылы ишке берилген.

Узак убакытка байланыштуу театрдын жабдуулары жана системалары эскирип, жарактан чыгып, капиталдык оңдоого муктаж.  Имараттын фасадына оңдоо жүргүзүү зарыл, өрт сигнализациясынын системасын жана чатырын, көрүүчүлөр залынын желдеткичин, сахнанын механикалык жабдууларын фасаддын витраждык айнектери, артисттик гримдөөчү жана керектүү жабдуулары алмаштырууга мутаж.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драм театры 1971-жылы ишке берилген. 1972-жылдан бери театрдын имаратына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *