Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1,5 миллион сомго жакын акча бөлдү

Мезгил

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүндү. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка ылайык, каражат өкмөт башчынын резервдик фондунан бөлүндү. 

Белгилей кетсек, буга чейин  Кой-Таштагы башаламандыктарда катуу жабыркаган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси  Самат Курманкуловдун абалы жакшыра баштаган.  Ал Москвадагы реабилитациялык борборго которулгандыгы айтылган.

Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, комага түшкөн. Курманкуловго эки ирет операция жасалган соң, 12-августта Москвага дарылануусун улантуу үчүн алып кетишкен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *