Өкмөттүн “электр энергиясын казактарга товарга айырбаштадык” деп элди алдап турган кербези

    Мезгил

Энергетика боюнча талдоочу Расул Үмөталиев буга чейин да өлкөнүн энергетика тармагына тиешелүү болгон бир топ маселелерди чубап чыгып, калыс сөзүн айтып келген. Бул жолу «Улуттук Энергетикалык холдинг компаниясынын» 2 миллиард кубометр сууну кошуна Казакстанга «товар алмашуу» катары сатышы чо-оң жалган, «товар алмашуу» эмес, «товардык алдоо» деп айыптап чыкты. Анын айтымында «Улуттук Энергехолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаровдун 2020-жылы Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстандан электр энергиясын импорттоо деген планында шек бар. Энергетиктер алгач жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алып, анан 2 апта өткөндөн кийин элге жарыя кылып олтурушат. Сыягы буларды кысымга алышса керек деп санайт Расул Үмөталиев.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетиктердин айтканына таянып «Быйыл суу аз болот, ошондуктан электр энергиясын башка мамлекеттерге экспорттоо токтотулат» деген. Бирок Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 13-июлда келип кеткенден бери суу сактагычтарда суунун коё берилиши көбөйгөн. Суу ГЭСтер аркылуу коё берилип жатса, демек электр энергиясы өндүрүлүп жатат, ал кайсылдыр бир өлкөгө экспорттолууда деп чыккан убагында энергетика боюнча талдоочу. Бул боюнча суу сатуу жана электр энергиясын экспорттоо боюнча өкмөттү ачык иш алып барууга чакырган. Бул сөздөрдөн кийин энергетиктер уялып кетип, электр энергиясы Казакстанга «товар алмашуу» катары жиберилип жаткандыгын моюнга алган. Жалпак тил менен айтканда биз аларга суубузду талаа иштери үчүн берип, электр энегиясын да берип турат экенбиз. Кийин алар күзүндө алган электр энергиясын, электр энергиясы менен кайтарып берет имиш.

Расул Үмөталиев эгер Казакстан алган электр энергиясын кайтарчу болсо эмне үчүн күз айларында, бизге анчейин керек эмес учурда кайтарат, кыш айларында кайтарса болбойбу? Ал эми экспорттологон электр энергиясын өндүрүүгө 2 миллиард кубометр суу короп жатат. А быйыл суунун көлөмү аз. Кокус сууну сарамжалсыз корото берсек келечекте электр энергиясын 5 сомдон сатып алып калбайбызбы, энергетикалык кризиске кабылбайбызбы деген маселени кабыргасынан койду.

Ошол эле кезде бул тартышытыкты кичи ГЭСтердин эсебинен чечсе боло тургандыгын, бирок кошуналарга суу сатуу саясатын өзгөртүү керектигин айтты. Казакстан биздин суудан 10 миллион доллар пайда көрөт. 2019-жылдын 31-августуна чейин 860-890 млн киловат саат электр энергиясын 1 киловатын 0,7 сомдон сатканбыз. Аны өндүрүүгө 2 миллиард кубометр суу короп олтурат. Ушуну товар алмашуу дегендин өзү калп айткандык. 2000-жылдары жай айларында сатылган суу үчүн Өзбекстандан газ, Казакстандан көмүр жана мазут алып тургандыгыбызды товар алмашуу катары мисал келтириди Расул Үмөталиев.

Демек мурдагы Акаевдин, Бакиевдин тушундагы өкмөттөр аз да болсо ыйман менен иштеп, азыркыларга салыштырганда элдин башын азыраак айланткан болуп калабы ошондо? Деги буга чейин суу сатып келишсе, эми электди энергиясын карызга берип турдук, күзүндө кайрып алабыз дегени кандай? Өкмөт мүчөлөрүнүн элдин башын тегереткенге мындан башка айла табышпай калган кейиптенет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *