Өкмөттүн кайдыгерлигинин айынан мамлекет көмүр бизнесинен миллиондогон доллар жоготууда

Мезгил.

Кыргызстанда көмүр тармагын өнүктүрүу боюнча өкмөттүн кабыл алынган программасы ишке жетиштүү ашпай турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда көмүрдүн 2 миллиарддан ашык тонна запасы аныкталган. Учурда көмүр Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында өндүрүлүүдө.

“Жыл сайын төрт облуста 2 миллион тоннадай көмүр өндүрүлөт экен. Жылына 2 миллион өндүрүп турсак, запасыбыз канча жылга жетээрин иликтеп чыгышыбыз керек. Өзбекстандан сунуш келип жатат, ай сайын 100 миң тонна көмүрдү бизге экспортко чыгаргыла деп. Бирок, өкмөт муну камсыз кыла албай жатат, “Темир жол” болсо вагон жок деп отурат. Эсептеп көрөлү, ай сайын 100 миң тонна көмүр чыгарсак, 3 жарым миллион доллар каражат табабыз. Мамлекет жетекчилердин, өкмөттүн кайдыгерлигинин айынан миллиондогон каражатты жоготуп жатат. Бул экономикага кандай гана жардам болмок”, – деди депутат.

Ал бул  маселени колго ала албаган өкмөттү реалдуу экономикага салым кошууга көңүлү жок катары сыпаттады.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *