Мезгил
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 28-30-мартта өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Республиканын басымдуу аймактарында нөшөрлөгөн жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.
Ушул жуманын соңунда температура кескин төмөндөп, суук болот. Унаа жолдорунун тоолуу аймактардагы тилкелеринде кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.