Кой-Таш: Атамбаев кармалды (видео)

Мезгил

Атамбаев кармалды, Фарид менен Кундуз чачпагын көтөрүп бирге жүрүшөт

Күч органдары Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштан алып чыгып кетишти. Жанында Фарид Ниязов менен Кундуз Жолдубаева кошо жүрөт.

Бул жөнүндө Кой-Ташта жүргөндөр кабарлашты. Бирок топтолгон эл, анын тарапташтары машинелерди өткөрбөй жатышты. Сүйлөшүүлөр көп убакытка созулду. Ок атышкан үндөр угулуп, эл али тынчый элек.

7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы президентти үйүнөн алып кетүү аракети көрүлүп, бирок андан жыйынтык чыккан эмес.

Натыйжада ал жакка барган УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда тутанган кагылышуудан атайын кызматтын офицери курман болуп, дагы 51 адам түрдүү жараат алган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *