Кой-Таш: Атамбаевдин жактоочулары милиция кызматкерлерине таш жана бөтөлкөгө куюлган бензин ыргытышууда

Мезгил

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанында күч түзүмдөрү чогулуп турат. Ал эми Атамбаевдин жактоочулары тараптан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине  тарабына таш жана бөтөлкөгө куюлган бензин ыргытылууда.

Ошондой эле Атамбаевдин үйүнүн  бет маңдайындагы адырдан өрт чыгып, ал жол боюндагы унааларга өтүп кетүү коркунучу бар.

7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы президентти үйүнөн алып кетүү аракети көрүлүп, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Натыйжада ал жакка барган УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери менен Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда тутанган кагылышуудан атайын кызматтын офицери курман болуп, дагы 51 адам түрдүү жараат алды.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *