Кой-Таш: Туткундагы жоокерлер талаптар аткарылмайын кое берилбейт

 Мезгил.

КСДПнын  саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов бийлик талаптарды аткарбаган үчүн барымтага алынган жоокерлер кое берилбей тургандыгын билдирди.    

 Маалыматка ылайык,  КСДП элден жоокерлерди кое берүүнү өтүнгөн. Бирок бийликке коюлган талаптар аткарылмайынча, жоокерлерлер кармалып турары айтылды. Ошондой эле  Атамбаевдин тарапташтары азыркы бийликтин күч колдонууну токтотооруна ишенбейт.

Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары аны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ал эми экс-президентти колго түшүрүү учурунда 48 адам жараланса, бир жоокер каза болгон. Ошондой эле учурда алты жоокер Кой-Ташта туткунда.   

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *