Кой-Таш. Учурда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү толугу менен курчоого алынып, элдер чыгарылууда

Мезгил

Милиция экс-президент  президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын үйдүн сыртына сүрүп чыгарды.

Ал эми буга чейин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кой-Ташка кетчү жол торолуп жаткандыгы айтылган.

Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары аны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ал эми экс-президентти колго түшүрүү учурунда 48 адам жараланса, бир жоокер каза болгон. Ошондой эле учурда алты жоокер Кой-Ташта туткунда.

Булак: Мезгил ньюс   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *