Кой-Ташта эмне кеп: Курмандык чалынып, куран окулду

Мезгил

КСДП партиясынын Атамбаевди колдогондору фейсбукта УККнын кызматкерлери, отставкадагы генералдар жүрүш алдында курмандык чалуу үчүн бука жетелеп келгендигин жазышты. Бирок, видеодон карапайым элди, Атамбаевдин айылдаштарын, чыйрыгып үшүгөн жөнөкөй жигиттерди, Арашандык Төлөн досун көрүүгө болот. Кечөө күнү болсо “Сизди колдойм” деп Кылычбек Султан да жетип барган.

Бүгүн ал укук коргоо органдарына мурда козголгон иши боюнча суракка чакырылды деген каңшаар тарады. Бирок, УККнын иштеп жаткан кызматкерлерин жана отставкадагы генералдарды видеодон байкоо кыйын. Бул баягы эле Атамбаевдин арзан пиары сыяктанат. Кылыч Султандын сурагы да ушул сыяктуу го. УКМК болсо бул маалыматты тактап жаткандыгын, ЖМК өкүлдөрү маалыматты чагылдырууда мыйзамдан ашкан иштерге барбоосун өтүндү.

Интернет аркылуу тараган видеодо Атамбаев тик туруп, колун жайып Курандын “Фатиха” сүрөсүн окуп, “Ушул жандыктын каны төгүлсүн, элдин каны бүгүн да, эртең да төгүлбөсүн. Ушул турган балдарды жолу ачык болсун, алардын балдарынын да жолу ачык болсун. Кудайдын алдында жолубуз ачык” – деп бата кылды. Экс-президенттин курмандык чалганы, тик туруп бата кылганы, “кан чыкпасын” дегени, кудайды аралаштырып сүйлөгөнү, “жолу ачык болсун” дегени эмни каңкуулап жаткандыгын аңдап билигендер барбы?!…

 Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *