Кой-Таштагы кагылышууда жаракат алгандар дарылануусун улантууда

Мезгил 

Кой-Таштагы жаңжалдан улам учурда жабыркаган 14 киши ооруканада дарыланууда. Алардын арасында күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да бар. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Ал эми бардык жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.

Эске салсак, Кой-Таштагы кагылышуудан жабыркаган жалпы 136 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын 109 медициналык мекемелерге кайрылса, 27 адамга жеринен жардам көрсөтүлгөн.

Учурда Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Министрлик анын дарылануусун Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда уланта турганын кабарлады.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *