Кой-Таштагы окуя боюнча Атамбаев Путин менен байланыштыбы? Анын жообу

  Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кечээки аны кармоо операциясынан кийин элдин алдына чыгып сүйлөдү. Ал кечээки кырдаалда үчүнчү кабаттан туруп алып ок атканын да айтты. Ал эми бул окуя боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жетип, бул абалга көз салып тургандыгы  айтылган. 

“Кечээки кырдаал боюнча Путин менен байланыша алдыңызбы?” деген суроого: “Бул жакта кечээ байланыш болгон жок. Биздин ишенгенибиз башка бир өлкөнүн президенти эмес, кыргыз эли. Элибизге рахмат” деди Атамбаев. 

Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары аны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ал эми экс-президентти колго түшүрүү учурунда 48 адам жараланса, бир жоокер каза болгон. Ошондой эле учурда алты жоокер Кой-Ташта туткунда.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *