Кой-Таштагы саясий-шоунун «шорпосу» муздай баштады

Мезгил

Атамбаев кечөө таң атпай жаман түш көрүп, адаттагыдай чочуп ойгонду. «Бийлик мени күч менен камаганы жатат» деп айгак салып, чуу чыкса чуркап жете барчу чуу куйруктарын кайрадан айланасына топтоду. Күч органдары «Эч кандай аракет колдонулбайт, айтылган маалыматтар жалган» деген билдирүү таратты эле, жамандык кайдан басып кирет деп кечке күткөн тарапташтарынын шаабайы сууп олтуруп калышты. Атамбаев конокторго кой сойду. Мурда митинг уюштурганда «букадай челгич болгула» деп 80 миңдик букачар сойгон эле. Эми кой союп жаткан кейпине карганда айланасында колдоочу-коргоочуларынын саны азайгандыгын канчалык жашырса да сокур кишиге деле байкалып, билинип калды.

Маарекени маарата өткөргөн кыргыздар бир койду керек болсо бир эле балбан кыргыз жеп коёрун жакшы билет. Тажик эли президенти Емомали Рахмондун жарлыгына баш ийип, бир койго бир үйлөнүү тоюн өткөрүп калышкан. Эми орточо койдун эти 15-25, эт багытында бордоп багылгандары 35-50 кг чейин эт берери белгилүү. Ошол 15 килограмм этке 15 кишиден турган сыйлуу конок тоссо болот. У

шулардан улам Кой-Ташта таш түбүндө корголоп жаткан Атамбаевдин айланасында 15 эле нак коргоочу калган десек туура болобу? Ал эми анын калган коргоочулары менимче эт жебес чөпчүлөр (вегетарианец), интернет желесинде күндөп-түндөп жашаган кибер коргоочулар, ташбака-ниндзялар ж.б. болсо керек. Деги эле жайкы эс алуу лагерине келген бекерпоз конокторду коноктогондон Раиса жеңебиз деле тажап бүткөндүр.

Сыягы КСДПнын Кундуз, Ирина, Фарид сыяктуулары бир аз болсо да эсине келе түшүшкөн кейиптенет. Өлкө боюнча дайыма иштей турган штаб, элдик штабдын кеңеши, аткаруу комитети сыяктуу бирдемкелерди түзмөй болушуптур. Көсөнүн акылы түштөн кийин дегендей, түштөн кийин болсо да алкымга түшүп кеткен акылдырын бир аз жыйнап, анысы көмөкөйдөн бир тике жогору көтөрүлгөндөй. Алардын пикиринде абалды курчутпоонун жолу, Атамбаевдик тупиктен чыгуу үчүн мамлекеттик укук коргоо органдарын укуктук талаага кайрылып келиши керек имиш.

Эми укук коргоо органдары укуктук талаадан аша чаап чыгып кеткендигин Атамбаевдик шоудан байкаган киши барбы? Эч кандай күч колдонуу аракеттери болгон жок го. Атамбаевди аттан сүйрөп түшүп, суракка байлап келүүгө деле мыйзам байкенин күчү жетмек. Байкуш жаран айып кетирсе ушинткен жагдайлар толтура.

КСДПнын бир ууч мүчөлөрү дагы айтышыптыр Кыргызстандагы саясий күчтөр, коомдук кыймылдар жана жөнөкөй жарандар биригип мыйзамсыздыкка каршы күрөшөлү деп. Эгер алар айткандай болсо экономикабыздын гүлү кыш-жаз дебей гүлдөп, укуктук мамлекетке кайрылып келет экенбиз. Эми ошол укуктук мамлекеттин дубалын бузууга ким аракет кылып жатат? Сурактан качкан Атамбаев эмеспи?

Булар а-бу дегиче Нариман баатыр Түлеев Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдына барып митинг өткөрөм деген шартынан кайтты. Абал тереңдеп кетпесин деп Атамбаевге боору ачыптыр. А то атуусу атчан, жөөсү жөө-жалаңдап Нариман баатырды коштоп барчулардын саны 4 миңден ашыптыр. Мунусун «Иттик сенден кетсе да менден кетпесин досум» деген айкөлдүккө салыштыргандар болду. «Алмазбек эркек бол! Суракка корпой бара бер» дептир Нариман Түлеев. Деген менен түрмөнүн нымдуу жытын жыттап, баландасын барка-бурка ичип келген Нариман байдын экс-президентке ал жактын жашоосун каалабастыгын, баары мыйзам чегинде болсун дегени каралман калкка жагып туру.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *