Кол тийбестик алынабы, же калабы? Атамбаев жооп берүүдөн баш тартты

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун даярдашкан. Жакын арада парламенттин кароосуна коюлат деп турган демилгечилер мыйзам долбоорунун бир канча артыкчылыктарын белгилешүүдө.

Эреже боюнча, долбоор өкмөттүн кароосуна жиберилет, министрлер кабинети карагандан кийин корутунду чыгарылат да, парламенттик комитеттерге келет. Комитет карап бүткөн соң, жалпы жыйынга талкууга коюлат. Ушунча процесстен кийин гана, эгер депутаттардын басымдуу бөлүгү колдоп берсе, эң жогорку сынак – президенттин кароосуна берилет. Мамлекет башчы кол койгондон кийин гана мыйзам долбоору толук кандуу кабыл алынды деп эсептелинет.

Депутаттардын демилгеси коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары бул туура эле экс-президент Алмазбек Атамбаевге багытталгандай кабыл алышты. Ал эми Исхак Масалиев мындай пикирлерди жокко чыгарып, бул жалпы норма экенин, кайсы бир тарапка ылайыкталбаганын айтып чыкты.

Ал эми КСДП бул тууралуу эч кандай пикир билдирбейт. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев да мыйзам долбооруна эч кандай комментарий бербей турганын белгиледи.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *