Кол тийбестик. Атамбаев кандай артыкчылыктардан кол жууйт (тизме)

Мезгил

 Бүгүн, 27-июнда өткөн Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Башкы прокуратурасынын тыянагын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды.

      Президенттик такта 6 жыл отуруп, ушул жылдар аралыгында кыргыз элин башкарып келген Алмазбек Атамбаев “мен баймын” деп мактанып келгенин баарыбыз эле укканбыз. Керек болсо Атамбаев: “Мен «Мерседес» минип жүргөндө, президент Акаев «Вольво» менен жүрчү”- деп мактанган жайы дагы бар. Биз болсо экс-президент 6 жылда канча киреше таап, канча сом коротконун тизмектеп чыктык.

2011-жыл: 18, 8 млн. сомго бааланган башка кыймылдуу мүлкү бар

2011-жылдагы кирешелери тууралуу декларациясында көрсөтүлгөндөй, Атамбаев жыл ичинде 1 млн. 213,9 миң сом иштеп тапкан.

Мындан сырткары Атамбаевдин 1995-жылы сатылып алынган  үйү, баасы $3 млн. турган жер тилкеси, $2 млнго барабар имарат жайы, 80 миң сом жана 250 миң сом турган эки автоунаасы жана 18, 8 млн. сомго бааланган башка кыймылдуу мүлкү бар экени жазылган.

Ал эми президенттин жакын туугандары болсо $89,6 миң киреше табышкан. Аларга катталган баасы $500 миң турган үй ж.б. жалпы баасы $4 млнго барабар болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар экендиги ачыкталган.

2012-жылы: Айлыгы 984 миң 776 сом, байлыгы  10 млн. доллар

2012-жылдагы декларацияда  Алмазбек Атамбаевдин  жылдык кирешеси 984 миң 776 сом болгон. Ал 93,3 чарчы метр аянттагы үйү жана  багынан башка “Форум” ЖЧКсына ээлик кыларын көрсөткөн.

Ал эми туугандарына “Медиафорум” ААКы баш болгон наркы 120 миң долларлык мүлк катталганы жана алардын жылдык кирешеси 367 201 сом деп көрсөтүлгөн.

Ушул эле жылы Алмазбек Атамбаев массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып Кыргызстанда орточо 10 млн долларлык байлыгы бар экенин айткан.

2013-жыл: Атамбаев 960 миң 744 сом, Атамбаева 120 миң доллар пайда тапкан

Ал эми 2013-жылы Атамбаевдин айлык акысы 960 миң 744 сомду түзгөн.

Анын жубайы Раиса Атамбаеванын медициналык академиядан иштеп тапкан маянасы 367 миң 201 сомду түзгөн. Мындан сырткары Кыргызстандын биринчи айымы баалуу кагаздардын эсебинен 120 миң доллар пайда тапкан.

Президенттин үй-бүлөсүнө “Тойота-Лэндкрузер” үлгүсүндөгү автоунаасы, 2 батири жана бир үйү катталган. Мындан сырткары 64 миң квадрат метр багы жана “Форум” ишканасы башка бирөөнүн убактылуу башкаруусуна өткөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

2014-жыл:  Жылдык киреше 20 миң 623 доллар

А.Атамбаевдин айлык акысы 2014-жылы 1 млн 281 миң 609 сомду түзгөн. Тактап айтканда, Атамбаев 2014-жылы 2013-жылга караганда 320,8 миң сомго көбүрөөк айлык алган. Декларацияда Атамбаевдин жылдык кирешеси 20 миң 623 доллар же болбосо  1 млн  281 миӊ 609 сом деп көрсөтүлгөн.

Ал документте 2007-жылы чыккан Toyota Land Cruiser автоунаасына (кыймылдаткыч көлөмү — 4664), НПФ ЖЧКда 100% үлүшкө ээ экендигин жана бул ишкананын жалгыз негиздөөчүсү экенин көрсөткөн. Ал эми 2013-жылы документте  бул ишкана   НПФ «Форум » ЖЧК деп көрсөтүлгөн.

2014-жылы Атамбаевдин жакын туугандары  199 055 сом айлык, акча салууда негизги суммага кошо кошулуп эсептелген үстөк пайыздан 119 999 доллар  ал эми баалуу кагаздардан (дивиденд) 26 260 киреше табышкан.

Ошондой эле 133,3 чарчы метр жана 51,3 чарчы метр аянттагы батирлерге, 15,7 чарчы метр унаа токтотуучу жайга жана  жөнө гана чарба жүргүзүүчү субъекттердин уставдык капиталынын 86,28%үлүшүнө ээ экендигин көрсөткөн. Ал эми  2013-жылы 86,28% акция «Медиафорум» ААКна тийешелүү экендиги документе көрсөтүлгөн болчу.

2015-жыл: 1,2 млн сом иштеп таап, 34 млн сом короткон

Алмазбек Атамбаев 2015-жылы 1 млн 298 миң 448 сом иштеп тапкан. Ал эми документте көрсөтүлгөндөй, 2015-жылы президенттин чыгымдары 34 млн сомду түзгөн.

А.Атамбаевдин ээлигинде 27 миң чарчы метр жер тилкеси менен 116,34 чарчы метр курулушу бар. Ал   64 гектар бак тигилген жерин  жана ЖЧКсын 100% ишенимдүү адамдарга башкарууга берген.

Президенттин туугандары негизги жумуш орду боюнча 182 миң 588 сом иштеп тапкан. Алар 133,3 чарчы метр жана 51,3 чарчы метр аянттагы батирлерге, 15,7 чарчы метр унаа токтотуучу жайга ээ. Ошондой эле баалуу кагаздарга ээлик кылышары тууралуу көрсөтүлгөн.

2016-жыл: Атамбаевдин кирешеси  1 млн сом

2016-жылы президент Атамбаев былтыр 1 миллион 246 сом же айына болжол менен 103 миң сом киреше тапкан. Ал эми президенттин жылдык чыгашасы 8 миллион 385 миң сомду түзгөн. Өлкө башчысы бул акчаны мурда топтогон каражаттарынан коротконун декларациясында көрсөткөн.

Документке ылайык, Алмазбек Атамбаевге катталган 2,7 гектарда жайгашкан 116 чарчы метр аянттагы имараты, 6,4 гектарда көп жылдык бак-дарактары бар. Ошондой эле ишканадагы акцияларын ишеним менен өткөрүп берген.

Ал эми президенттин жакыны 2016-жылы иштеген жеринен 250 миң сом, дивиденддерден 369 миң сом, жарандык укуктук келишимдерден 2,5 миллион сом жана 100 миң доллар тапканы көрсөтүлгөн.

Чуу коштогон хансарай

Сентябрь айында Атамбаев жомоктогудай хансарай салып жатканы тууралуу кабар эл арасында желдей тарады. Бул маалыматты 15-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ачыктап чыкты. Ал президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында үй куруп жатканын билдирген. Анын айтымында, аянты 2,7 гектарга барабар жер тилкени президентке Бишкек мэри Албек Ибраимов берген. “Жер “Дастан” ачык акционердик коомуна таандык болуп, кийин 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер болуп турганда Анарбек Укуев дегенге катталган. 2010-жылдан кийин башка тараптарга катталып, 2015-жылы 7-майда мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимованын атына катталган. Андан кийин 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына өткөрүлүп берилген”, – деген Текебаев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги төрагасы Тайырбек Сарпашев 2015-жылдын 12-майында Атамбаев жер тилксин 33 млн сомго сатып алганын билдирген болчу.

Ал эми президенттик такты өткөрүп берген экс-президент Алмазбек Атамбаев өмүр бою мамлекеттин багуусунда болот.

Өлкөнүн тизгинин Жээнбековго өткөрүп берген Атамбаев 10 артыкчылык алат. Бул тууралуу мыйзамда так жана даана жазылган.

Кол тийбестик укугу

Эң алгач эле мыйзам экс-президентке кол тийбестик укугун берет. Атамбаев кызматтан кеткенден кийин аны кылмыш жообуна жана административдик жоопкерчиликке тарта алышпайт.

Аны кармап, камакка алып, суракка алганга эч кимдин укугу жок. Керек болсо экс-президенттин кол тийбестиги анын мүлктөрүнө жана ал колдонгон буюмдарына дагы тиешелүү болот. Башкача айтканда, анын үйүн, унаасын, документтерин, багажын, жазышкан каттарын тинтүүгө эч кимдин укугу жок.

Коргоо

Кыргызстандын аймагында Алмазбек Атамбаев мамлекет тарабынан коргоого алынат.

Бекер дарылануу

Атамбаев жана анын жубайы, жашы жете элек балдары бекер медициналык кызматтан колдоно алышат.

Акчалай төлөмдөр

Экс-президентти мамлекет каржылык жактан дагы камсыз кылып турат. Ал пенсия курагына жеткенде пенсияга чыгат. Анын көлөмү президенттин айлыгынын 75%ын түзөт.

Атамбаевдин кирешелери тууралуу 2016-жылкы декларацияда президенттин маянасы 103 миң сомду түзгөн. Демек, мамлекет башчысы ай сайын 77 миң сомдон алып турат.

Дача

Атамбаев мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою колдоно алат.

Бекер VIP-залдар

Экс-президент аэропорттордо, темир жол бекеттеринде атайын делегациялар жана расмий адамдар өтүүчү VIP-залдар менен колдоно алат.

Байланыш

Алмазбек Атамбаев КРнын аймагында байланыштын баардык түрү менен бекер колдоно алат.

Жөлөк пул                                                

Экс-президенттин көзү өтүп кетсе үй-бүлөсүнө ай сайын жөлөк пул берилип турат. Жөлөк пулду ким алары мыйзам аркылуу белгиленет.

Унаа жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарылануусу

Каза болгон экс-презитденттин үй-бүлө мүчөлөрү кызматтык унаа менен бекер пайдалана алышат. Ошондой эле медициналык тейлөө дагы бекер болот.

Кадыр-баркын коргоо

Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирилбеши керек жана ал мыйзам тарабынан корголот.

Алмазбек Атамбаев мындай артыкчылыктарга ээ болгон экинчи президент болот. Дал ушундай артыкчылыктар менен учурда Роза Отунбаева колдонуп келет.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *