Кол тийбестик: Мылтык эле эмес замбирек коюп алса дагы мыйзамга каршы тура албайт

Мезгил

Өлкөнүн башкы прокуратурасы Атамбаевге тагылган 5 айыпты негиздүү деп тапты. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңешттин комитетинде билдирди.

Анда айтымында, депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан “экс-президенттин өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады деген күнөөгө катышы жок” деп табылып, калган беш айып боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылды.

-Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз;

– Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган;

-Акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар;

-Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан;

-ЖЭБге көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон- деген айыптар коюлган.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген эле.

Ал эми Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан. Ошондой эле айрым серепчилер Атамбаев Кой-Ташта өзүнүн тарапташтары менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөздөрү дагы отко май чачкандай болуп жаңжалды алоолонтуп жиберди деген пикирде. Анда мурдагы мамлекет башчынын бул бийликке моюн сунбай турганы жана “өзүнүн курал-жарагы” жөнүндө айтканы катуу сынга кабылды.

-Жалгыз жатып атышам, куралым көп, өз башымды коргойм” – дегени дараметтин, күч кубаттын көрсөткүчү эмес, тетирисинче алсыздыктын, аргасыздыктын белгиси. Бул акылмандык, көрөрмандык же көсөмдүктүн көрсөткүчү эмес, тетирисинче көңдөйлүктүн, көрпенделиктин белгиси.

Мындай сөздү заманасы куурулуп, дүйнөсү тарып, оозунан сөзү түшүп туңгуюкка кептелип калган киши гана айтат. Тапанча, мылтык эле эмес замбирек коюп алса дагы мыйзамга каршы тура албайт, коомдун пикирине, элдин демине каршы турууга болбойт, аны өзү деле, жанында жүргөндөр деле билип эле турушса керек- дейт Эмилбек Каптагаев

Ал эми аталган комиссиянын мүчөсү, ЖК депутаты, Талант Мамытовдун көз карашында Атамбаев мыйзам чегинде жооп бериши керек. Бул жерде  эч кандай саясий өч алуу жоктугун билдирет.

-Прокуратура бизге экс президенттин айыбын аныктап берүүдө. Бул коюлган беш айыбы боюнча фактылар бар. Жогоруда тагылган беш айыптын бири катары Батукаевге көрсөтмө бергенин карасак болот. Бул өтө оор кылмыш. Бул боюнча прокуратура текшерип чыгат. Ал эми биздин милдет түзүлгөн комиссиянын иши президентке кол тийбестик макамын алууну мыйзамдаштырып берүү.

Анткени, Атамбаевге иш козгойлу деп, айыптар тагылганы менен кол тийбестигинен улам эч кандай териштирүү иштерин жүргүзө алышпайт. Ошондуктан алгач кол тийбестигин алуу керек. Атамбаевдин иши тергөөгө коюлган маселе. Башкы прокуратура чындыгында оор кылмыштарын далилдеп берди. Бул боюнча фактылар, далилдер такталса мыйзам чегинде жооп бериши керек. – деди Талант Мамытов.

Ал эми ЖК депутаты Бактыбек Райымкуловдун айтымында Атамбаев  актануу жолу менен өз күнөөсүн өзү айгинелеп жатат.

 

– Элибизде кылмыш кырк жылда билинет деген сөз бар. Аның сыңарындай Атамбаев коргонуп, өзүн-өзү актоого аракет кылууда. Ал  “Кылган кемчиликтеримди дагы кимиси айтып чыгат, же дагы кимиси мени сатып коёт” деген ойлор менен алпурушуп, өзүн-өзү актап жатат.

Коргонуу атакасын уюштуруп, элди чогултуп ар кандай сөздөрдү айтуу менен алектенүүдө. Куралдарым жетиштуу, атышып, кандай кырдаал болбосун кармашууга күчүм жетет дегенинин өзү бул күнөөлүү экенин далилдеп жатат десек болот. Буга чейинки президентибиз да элге курал көтөрөм деген сыяктуу эле, Бакиевдин сөздөрүн кайталап айтып жатат-деди Бактыбек Райымкулов.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин корутундусун жалпы сессиянын кароосуна алып чыгышкан. Жыйында экс президенттин кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *