Кол топтоо: Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 12 миңден ашуун жаран колдоду

Мезгил

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду колдогон 12 миңден ашуун  шайлоочунун колу топтолду. Бул туурасында курултайдын уюштуруу комитетинен Mezgilnews сайтына билдиришти.

– Бүгүн бул Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду колдогон жарандырыбыздын колу коюлган кол топтоо барагы Жогорку Кеңешке тапшырылды- деди Айбек Бусурманкулов.

Ошондой эле коомдук активист көпчүлүк партиялардын жана кыймылдардын мүчөлөрү Кыргызстандагы башкаруу формасынын өзгөрүлүшүнө добуш берүүгө даяр жана Жогорку Кеңешти шайлаганга курултай институтун киргизип, партиялык тизме аркылуу шайлоону ниеттенишет.  Эгерде эл өкүлдөрү конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту колдоп, референдум өткөрүүгө макул болбосо анда Жогорку Кеңешти таркатуу маселесин алып чыгабыз деп кошумчалайт.

-Биз кол топтоп парламентке сунуштадык.  Эгерде депутаттар биздин конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту колдоп, референдум менен макул болбосо, анда депутаттарды таркатуу иши башталат. Күзүндө эл көтөрүлүп чыгат, — деди Айбек Бусурманкулов.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *