Конкурска купалникчен чыгууга каршы чыккан кыз сынактан четтетилди (фото)

  Мезгил

Казакстандык жаш сулуу Москвада “Россиянын жаш сулуусу”  конкурсунда  купалникчен чыгууга баш тартты. 

  Дина “Россиянын жаш сулуусу”  конкурсуна катышып жатып, эки жолу сахнага чыккандан кийин акыркы турунда жарым жылаңач болуп чыгууга каршы чыккан.   Конкурстун акыркы күнү Москва шаарында 26-июнь күнү жыйынтыкталды.  

Динанын апасы Линда Кожасаеванын айтымында бул талап конкурстун соңуна келгенде өзгөрүлүп кеткен.

“Режиссер Константин Динаны купалникчен ачык кийим менен чыгууга  талап кыла баштады. Ал эми бул маселе буга чейин сүйлөшүлгөн болчу. Конкурстун акырында “Дина айткан кийимди кийбесе сынактан четтетилет” деди. Кызым макул болгон жок. Ошондуктан Дина конкурска катышкан жок.  Ал сахнага эки жолу чыкты. Улуттук кийими үчүн сыйлык берилди. Бирок ал сахнанын артында тапшырылды” дейт апасы.

Ал эми казак кызы Дина өзүн жеңилдим деп санабайт. Бирок сынака барып, катышпай келгендигин өкүндүргөнүн  айтат.  “Мен өзүмдү элден өзгөчөмүн деп айтпайм, бирок жарым жылаңач болуп чыгууга каршымын”-дейт ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *