Мезгил
Белгилүү Ирландиялык мушкер Конор Макрегор карьерасын жыйынтыктай тургандыгын твиттер баракчасына жазып чыкты. Ал досторуна жаңылыгы бар экендигин айтып ММА аттуу спорттон кетээрин жарыялады.
Анда айтылгандай Конор Макрегор мындан аркы беттештерге чыга турган кесиптештерине ийгилик каалады. “Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарын толуктайм” дейт мушкер.
Белгилей кетсек, Макгрегор жалпысынан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишсе. 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал акыркы беттешин былтыр 2018-жылы октябарь айында орусиялык Хабиб Нурмогамедов менен өткөрүп жеңилип калган.