Конституция: Канча жолу өзгөрүп, канча жолу жоголду?

Мезгил

1993-жыл 5-май. Алгачкы Баш мыйзам кабыл алынган күн

1993-жылы 5-май күнү  Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынган. Конституция кабыл алуу боюнча 1992-жылы комиссия түзүлүп, 10 миң кишиден сунуш-пикирлер келип түшкөн. Ошондой эле коомчулук, депутаттар тарабынан, 3 варианттагы долбоор жазылып, комиссия аларды бириктирип, бир жыл талкуулап, андан соң 1993-жылкы Конституциянын долбоорун даярдашкан.

1993-жылы 350 депутаттан турган “легендарлуу парламент” эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамын кабыл алган. Ал Конституция Кыргызстанда бийликтин тең салмактуулугун сактап турганы айтылат. Анда бир тарабынан күчтүү президент болсо, экинчи жагынан көп нерсе парламенттин көзөмөлүнө коюлуп, Конституция 8 бөлүмдөн, 97 беренеден турган.

Мамлекеттик түзүлүшү боюнча- Республика формасында, башкаруунун формасы боюнча- парламенттик-президенттик түрүндө болгон.

1994-жыл президенттин ыйгарым-укуктары кеңейтилген

Чү дегенде эле 1994-жылы 22-октябрда Баш мыйзамга өзгөртүү мамлекет башчысы тарабынан Конституцияны бузуу менен киргизилген. Анда баш мыйзам референдум жолу менен өзгөртүлүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Жыйынтыгында Президенттин ыйгарым-укуктары кеңейтилген. Ошентип ар бир баш мыйзамды өзгөртүүдө президент бийлигин бекемдей бергенин айтышат серепчилер.

1996-жылы Президент өзгөчө статуска ээ болгон

Экинчи өзгөртүүлөр жана толуктоолор 1996-жылдын 10-февралында кайрадан эле Президент Аскар Акаевдин өз бийлигин күчтөнтүү максатында референдум аркылуу кабыл алынган. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, Президент өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негиздерин аныктоочу болгон.

Ошондой эле Өлкө башчысы мамлекеттин бийлик бутактарынын бирине кирбей турган өзгөчө статуска ээ болуп чыга келген. Ал гана эмес Баш мыйзамдын өзгөрүүсү менен Президенттин ыйгарым укуктары жогорулап,  Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын чектөөчү, укук, статустарга ээ болот.

1998-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги алынган

Үчүнчү жолу Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор 1998-жылы 17-октябрдагы өткөн элдик референдумда кабыл алынган.  Президент тарабынан жарыяланган бул референдумда Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги алынган. Ошондой эле Президент Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизүү үчүн жана башка маанилүү маселелер боюнча референдум жарыялоо укугуна ээ болот, жерге жеке менчик укугу киргизилген.

2000-жылы орус тили расмий тил статусун алган

2000-жылы Конституцияга төртүнчү жолу толуктоо киргизилген. Ал толуктоолор Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлүп, орус тили расмий тил статусуна ээ болгон.

2003-жылы алгачкы Конституцияга кайтышкан

2003-жылы 2-февралда кайрадан элдик референдум болуп Конституция өзгөртүлгөн. Бул долбоор “КР Конституциясынын Жаңы Редакциясы” деп аталган. Анда 1993-жылкы Конституциянын айрым жоболору калыбына келтирилген. 1994-жылы референдум менен экиге бөлүнгөн Жогорку Кеңеш бириктирилип, бир палаталуу болуп калган.

1998-жылы референдум менен алынып салынган депутаттык кол тийбестик жана  1996-жылы референдум менен алынып салынган өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү Жогорку Кеңештин укугу калыбына келтирилген.

 Бирок 2003-жылкы Конституциялык реформа деле Президенттин бийлигин, статусун андан ары күчөтүү тенденциясын сактап калган. Президент жана үй-бүлө мүчөлөрү да мамлекеттин камкордугунда болору да Конституциялык деңгээлде бекиген.

1993-жылкы Конституцияга жүргүзүлгөн 5 жолку реформа жалаң гана президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтип, натыйжада үй-бүлөлүк башкаруу орногондуктан нааразычылыктар күч алып, Акаев өлкөдөн куулган.

2005-жылы парламенттин ролу күчөгөн

2005-жылдагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда конституция үч ирээт өзгөргөн. 2005-жылдын март айындагы ыңкылаптын негизги ураандарынын бири – Конституциялык реформа болгон. Конституциялык реформа талабы менен оппозициялык кыймыл түзүлүп, алардын кысымы менен 2006-жылдын ноябрь айында Баш мыйзам өзгөртүлгөн.

Андагы Башмыйзам парламенттин ролун кыйла күчөткөн. Бул кыргыз тарыхындагы Конституцияны өнүктүрүүдөгү элдин алгачкы жеңиши болгон. Анда бир эле адам эки жолудан ашык президент болуп шайлана албастыгы жазылган.

2006-жылы Конституция бир сөз үчүн өзгөртүлгөн

2006-жылы 30-декабрында Конституцияга толуктоолор киргизилип, анда өтө деле өзгөрүү, толуктоолор болгон эмес. Болгону Президенттин ыйгарым укуктары Конституция менен чектелген жоболорго “Мыйзамдарда” деген сөздөр менен толукталган.

2007-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо партиялык тизме менен болгон

2007-жылы 21-октябрда болсо Бакиев Конституциялык өзгөртүүлөр аркылуу парламентке партиялык тизме менен шайлоо киргизип, парламентте көпчүлүк орунду ээлеген партиянын колдоосу менен президенттик бийликти мурдагыдан дагы бекемдеген. Парламенттеги депутаттардын саны 90 болгон.

2010-жылы Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөн

Кан төгүү менен бийликти алган “убактылуулардын” алгачкы кадамы Баш мыйзамды өзгөртүү менен башталган. Анда, 2010-жылдагы референдум жолу менен кабыл алынган Конституциянын негизинде Кыргызстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системасына өткөн.

Депутаттардын саны 90дон 120га көбөйтүлгөн. Бир партия Жогорку Кеңеште 65тен ашык орунга ээ боло албай турганы жана  президент бир эле мөөнөт, 6 жыл иштөөгө укуктуу экени жазылган.

2016-жыл. Конституциянын түп нускасы жоголду

2016-жылдын октябрь айында парламентте 2010-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын түпкү нускасынын кайда экени тууралуу талаш чыкты. Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Баш мыйзамдын түп нускасы кайсы органда экени жөнүндө сөз козголуп, тактоо жүрдү. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын оригиналы, мыйзам боюнча, президенттик администрацияда сакталарын, өзү жетектеген министрликте жок экенин айтса, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппаратта да документтин оригиналы жок экенин маалымдады.

Конституциянын түп нускасы биздин канцеляриянын архивинде да, Юстиция министрлигинде да жок, деген 19-октябрда парламенттин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев.

«Биз өзүбүздүн канцеляриянын архивинен карадык, чынында түп нусканы тапкан жокпуз. Анда Юстиция министрлигинин архивинде деп болжолдогонбуз, бирок алар да түп нуска жок экенин айтышууда. Түп нуска бизде жок болсо, анда ал кайда? Убагында Конституцияны Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») башында тургандар даярдашкан. Суроону ага узатыш керек деп ойлойм. Ошондой эле суроону документке жооптуу катчылыкка бериш керек. Конституциянын түп нускасы кайда деген суроого мен сиздерге тастыкталган так жоопту айта албайм. Мен ал кезде иштечү эмесмин жана бул маселеге эмнегедир кызыкпаптырмын», – деди ал биринчи күнү депутаттарга. Ал эми экинчи жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев “Өмүрбек Чиркешович, конституциянын түп нускасын берип койбойсузбу?” деп Өмүрбек Текебаевге кайрылган.

“Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, 2010-жылы Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турган Акылбек Сариев өлкөнүн башкы документинин оригиналы президенттик аппаратта сакталышы керектигин айтты.

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Убактылуу өкмөт жактырган 2 – Баш мыйзамдын долбоору архивде сакталганын, ал эми “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланган 2010-жылкы Конституциянын президент кол койгон бирдиктүү тексти негизи эле жок экенин айтты. Дүйнө “Кыргызстандын Баш мыйзамы жоголду”,- деп шакаба менен шылдыңга алды.

Конституция 2016-жылы кайра өзгөрдү

Мындан көп өтпөй эле  2016-жылы 11-декабрда Баш мыйзам кайрадан референдум аркылуу өзгөртүлдү. Кыргызстандын элинин жарымы катышпаган бул референдумду, бийликтин  шайлоочулардын 42 пайызы катышып, 80 пайызга чукулу Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдоп добуш берди деп жар салган.

Ага ылайык, эгерде эл өкүлү премьер-министр же вице-премьер болуп шайланса, мандатынан ажыратылбайт. Ал кызматын тапшырган соң, кайра эле депутат болуп кала берет. Буга чейин кызматка кеткен депутат мандатынан ажыратылган.

Көпчүлүк коалициясы тараса, төрага автоматтык түрдө кызматтан кетет. Ал эми мурунку Конституцияда төрага кызматтан кеткен эмес.  Өкмөт башчыга кошумча ыйгарым укуктар берилүүдө. Тагыраагы, премьер министр өкмөт мүчөсүн бошотуу боюнча демилгени президентке сунуштайт, эгерде президент 5 күн ичинде жарлыкка кол койбосо, премьер-министр өз алдынча кол коюуга укуктуу болот. Мындан сырткары, өкмөт мүчөлөрүн жумушка дайындоодо премьер-министр сунушту Жогорку Кеңешке берет. Ал эми президент үч күн ичинде жарлыкка кол коюусу зарыл. Эгер үч күн ичинде кол койбосо, автоматтык түрдө дайындалды болуп саналат.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *