Конституциялык палатанын судьялары канча айлык алаарын айтты

 Мезгил

Учурда Жогорку Кеңеште Конституциялык палатанын судьясы кызматына Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева жана Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралып жатат.

Депутат Дастан Бекешев талапкерлерден декларация тапшырып же тапшырбаганын жана 1 жылдагы киреше, чыгашаларына кызыкты. Талапкерлердин баары декларацияны жыл сайын тапшыра турганын айтып жооп беришти.
Муну менен катар эле депутат алар канча эмгек акы аларын сурады.

Мээргүл Бобукееванын айтымында, 40 миң сомдой эмгек акы алат. Ал эми Мукамбет Касымалиев эмгек акы тажрыйбасына жараша боло турганын айтты. Ал 46 миң сом маяна жана 35 миң сом пенсия алаарын жана бул каражат жашоосуна жетээрин айтты.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *