Мезгил
Конституциянын жаңы долбоору боюнча коомдук талкуу 9-марта чейин өтөт.
Кечээ парламентте конституциянын жаңы долбоору боюнча талкуу болду.
Депутаттар баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөнү менен анын жоопкерчилиги так жазылбай, импичмент жарыялоо жолу татаалданганын белгилешти.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү керектигин айткан.
Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Анда президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү, элдик курултай өткөрүү жана башка жаңылануулар камтылган.