Мезгил
Бишкектин маршруттук таксилерине карата даттануулар “185” номуру боюнча кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, маалымат фото же видео материал менен далилдениши керек.
Белгилей кетсек, 9-ноябрда №212 маршруттук таксинин эки айдоочусу пенсионерди албай кетишкен. Окуянын күбөсү маршруттук таксинин номурун жазып калганга үлгүрбөй калган.
Ал эми 1-ноябрда ушул эле каттамдагы айдоочу унаа башкарып жатып, телефондон кино көргөн.
Фото-видео материалдар мэрияга жөнөтүлүп, айдоочу 3 күнгө каттамдан четтеген.
Эске салсак, коомдук таксинин айдоочулары рулду башкарып бара жатып видео көргөн учурлары буга чейин катталып келген. Айдоочулар өз жазасын алып келишүүдө.
Булак: Мезгил Ньюс