Мезгил
Коомдук унаалардагы байкоо камералары айдоочуларды тартипке келтирип, кылмыштуулукту алдын алуу максатында коюлат. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, камералар чөнтөк уурулук менен күрөшүүгө жана айдоочулардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында коюлууда.
Учурда алар маршруттук таксилердин 40 пайызында, автобус-троллейбустардын 55 пайызында бар.
Бардыгында камералар 1-июлга чейин орнотулушу керек.
Булак: Мезгил Ньюс