Мезгил
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2 күндө эле 1 миңге жакын айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар бузуу деп табылып, электрондук кол коюлган.
Токтомдор катталып, даректерге жеткирүү үчүн “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына жөнөтүлдү.
Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-фазасы 12-февралдан тарта иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.