«Коопсуз шаар»: 2 миллиард 552 миллион 706 миң сомго тендер жарыяланды

Мезгил

Кыргызстандын Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Шаршенбиевтин айтымында  долбоор алгач  Бишкек шаарында  ишке ашат. Техникалык ишке ашуу башталгандан кийин жумуштар өлкөнүн бардык жолдорунда жана шаарларында башталат.

-Бир сүрөт үчүн максималдуу баа 240 сомду түзөт. Биз андан азыраак сумманы сунуштаган компанияга артыкчылык беребиз. Сынактын эрежелери боюнча, жалданма компания 38 кесилишти, 58 жогорку ылдамдыктагы сап жана 20 көчмө комплексти жабдууга милдеттүү. Мамлекет сүрөттөргө айып пул катары түшкөн акчадан алып төлөйт-деди Шаршенбиев.

Ал эми мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган маалыматка таянсак  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео байкоолорду орнотуу үчүн жарыяланган тендер 2 миллиард 552 миллион 706 миң сомду чапчыйт.

Тендер 20-июлда жарыяланган. Подрядчик жабдууларды орнотуп, Бишкек шаарындагы 19 кесилишиндеги жол эрежесин бузгандарды тартуу үчүн видео, фотофикация системасын камсыздашы керек. Андан сырткары Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы 22 аймакка коюлат.

Тендердин шарты боюнча алдын ала акча төлөө каралган эмес. Бардык каражаттар жабдуулар кабыл алынгандан кийин төлөнөт. Кызыкдар тараптар арызы менен 10-авгуска чейин кайрылса болот.

Буга чейин чет элдик эки эл аралык уюм “Коопсуз шаар” жана “Digital CASA” долбоорлорун ишке ашырууга жигердүү катышууга кызыкдар экенин массалык маалымат каражаттарына өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган эле.

“Коопсуз шаар” долбоору 2014-жылы демилгеленген. Кийин биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси дайындалган. Анда биринчи орунду “Стилсофт Бишкек” компаниясы ээлесе, экинчи орунду Dessa International S.R.L. (Молдова), ал эми үчүнчүнү Anteo worldwide (Швейцария) компаниялары алган. Бирок ИИМ тендерди утуп алган “Стилсофт Бишкек” компаниясы койгон талаптарга макул эместигин билдирип, аларды сотко берген.

Андан соң Кыргызстан долбоор менен алектенүү ниетин билдирген кытайлык Huawei компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок “Акылдуу шаар” инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишим жокко чыккан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *