Коопсуз шаар: 955 айдоочуга протоколдор тапшырылды

Жол эрежесин бузуу боюнча 955 айдоочуга протоколдор тапшырылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 Маалым болгондой, фактылардын бардыгы эреже бузуу катары катталып, маалымат “Кыргызпочтасына” өткөрүлүп берилген. Почта кызматкерлери аларды айдоочулардын даректерине жеткирип берди. Белгилеп кетсек, айдоочулар айыптарды 15 күндүн ичинде төлөсө, сумманын жарымы чийилет.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун   1-фазасы 12-февралдан тарта иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги  10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *