Мезгил
Жол эрежесин бузуу үчүн айыптар тууралуу маалыматты тартуулаган уюлдук тиркеме иштебей калды.
Маалыматка ылайык, Айып тууралуу билдирүүнүн ордуна анда белгисиз ката чыгып жатат. Учурда “ШтрафИнфо KG” аттуу тиркеме сурам боюнча маалымат бербей калды. “Инфоком” мамлекеттик ишканасы анын себебин тактап жатат.
Белгилеп кетсек, 12-февралдан тарта Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Бүгүнтөн баштап анын алкагында катталган айыптар тууралуу протоколдор айдоочуларга жибериле баштайт.
Уюлдук тиркеме айыптар тууралуу онлайн билип алуу үчүн иштелип чыккан.