Айыптарды убагында төлөбөгөн айдоочулардын унаалары камакка алынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
Саркуловдун айтымында эреже бузган айдоочу айыпты бир айдын ичинде төлөшү керек.
Эгер убагында төлөнбөсө айдоочунун банктагы эсептери убактылуу тоңдурулуп, машинеси камакка алынышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, 12-февралдан тартып Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.