Мезгил
Айыптар менен макул болбогон айдоочулар Мониторинг борборуна кайрылса болот.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Айдоочулар почта менен келип жаткан протоколдор ак-кара кагазда болгондуктан, жол чырактын кандай түсүнө өтүп кеткени билинбей жатканына даттанууда.
Сүрөттө кайсыл түс жанып турганын анын канчанчы катарда жайгашканынан аныктоо оңой.
Анда да күнөөсүн мойнуна албагандар башкармалыктын Мониторинг борборуна барып, жазууларды көрө алат.
Учурду сот тартибинде кароо мүмкүнчүлүгү бар.