Мезгил
Жол эрежесин бузуу үчүн келген айыптар менен макул болбогон айдоочулар Мониторинг борборуна кайрылышы керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коосуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эскертишти.
Маалыматка ылайык, протоколду колуна алган унаа ээси 15 күндүн ичинде арыз менен Мониторинг борборунун жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө кайрылышы керек. Ал Горький 20 дарегинде жайгашат, телефон номуру 0312 53-03-76.
Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып 1 айда төлөнсө, анын толук өлчөмү берилет. Андан дагы мөөнөтүн ашырып жиберсе, туум эсептелет.